КР ИИМдин Россиядагы өкүлулүгүнө өткөн жылдын июль айынан бери Москва жана Москва облусунда кыргыз улутундагы белгисиз жарандардан  куралган топ Кыргыз Республикасынын жарандарына карата кылмыштуу иш аракеттерге барып жатышканы тууралуу маалымат үзгүлтүксүз келип турган. 

 

Аталган топ ар кандай шылтоо менен өздөрүнүн эле мекендештерин тоноп, Москва шаарында жана Москва облусунда ар кандай оор кылмыштарды жасап келишкен. 

 

Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү өткөн жылдын июль айында кылмыштуу топко катышы барлардын өздүгүн тактаган. Алынган маалыматка караганда, топту 1986- жылы туулган Ош облусунун тургуну Р.М. башкараары маалым болгон. Анын крим дүйнөсүндө Москва шаары жана Москва облусу боюнча "смотрящий" деген статусу бардыгы да аныкталган. Ошондой эле "мыйзамдагы ууру" К.Кнын өкүлү катары эсептелген. 

 

Ыкчам иш чаралардын негизинде 11-январда кылмыш дүйнөсүнүн аталган тобунун активдүү мүчөлөрү жана лидери кармалды.