Жогорку Кенештин вице -спикери Аида Касымалиеванын  коомчулук балдардын коопсуздугуна тиешелүү көңүл буруусу керек дейт. Ал мындай пикирин "Парламент" радиосунда билдирди. 

 

"Балдардын өлүмү күндөн - күнгө өсүп, келечек үчүн чоң коркунуч жаралууда. Буга албетте, системдүү калыптанып калган социалдык көйгөйлөр себеп болууда. Өкмөт менен биргеликте тийиштүү чечимдерди кабыл алуубуз зарыл.

 

Миграция маселеси дагы буга кошул - ташыл. Кыргыз мигранттарына юридикалык жардамдар тийиштүү деңгээлде көрсөтүлүп, алардын коопсуздугу сакталышы керек. Бул боюнча комиссия дагы өз ишин алып барууда. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бир топ иштер жасалды. Бирок, бир жыл жетиштүү болгон жок. Буйруса дагы да аймактарды өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштер жасалат", - деди Аида Касымалиева.

 

Ошондой эле эл өкүлү жакында эле Ош облусунда иш сапары менен болуп, шайлоочулардын үнүн угуп келгендигин айтты. Андагы көтөрүлгөн негизги талаптар таза суу, социалдык жөлөк пулдар жана бала бакча маселелерине тиешелүү болду.

 

Айтымында, Өзгөн районунун “Зергер” айылында көмүр казган компания булактан чыккан сууну булгап, мыйзам бузуулар орун алган. Мындан улам аталган компания менен сүйлөшүү жүргүзүлүп,  бир айдын ичинде алар калкка, таза сууну түтүкчөлөр аркылуу жеткирип бермей болушту.