Россиянын Смоленск аймагынын чегарачылары Кыргызстандын жаранын өлкөдөн депорттошту. 1977 -жылы туулган кыргызстандык Өзбекстанда экстремизмге айыпталып издөөдө жүргөн. 

 

Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты. Андагы маалыматка караганда, кыргызстандык Россиянын аймагына көзөмөл өткөрүү пункту жок жерден кирүүгө аракеттенген. Мындан улам ал өткөн жылдын 24-декабрында кармалган. 

 

 

Текшерүү учурунда жаран козголгон кылмыш ишинин негизинде мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнү маалым болгон. 

 

Россиянын ФСБсы жарандын учурда өлкө аймагынан депорттолгонун жарыялады.