Электр энергиясына жана жылуулукка болгон баа азырынча өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу жылуулук-энергетикалык комплексти жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өкмөт башчы Мухеммедкалый Абылгазиев аталган агенттикке электр энергиясына жана жылуулук энергиясына тарифти орнотуу тапшырмасын берген.
Бирок, азырынча тариф саясаты кабыл алына элек болгондуктан, өткөн жылдагы тарифти мыйзамдаштырууга туура келет. Жаңы тарифтер ушул жылдын жарым жылдыгына чейин кабыл алынууга тийиш.