Бүгүн, 15-январда Октябрь райондук сотунда Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун соту башталды. 

 

Эске салсак, экс-мэр "Дастан" ТНКсындагы чыгашалар жана коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 

 

Албековдун ишин судья Кымбат Архарова карамай болду. Ал кылмыш ишинин материалдары менен толук тааныша электигин айтып, отурумду кийинкиге жылдырууну жарыялады. Аны менен катар экс-мэрдин адвокаты да материалдар менен тааныштыгы жоктугун билдирди. 

 

Сот 28-январга белгиленди. 

 

Ибраимов өзүнө карата ачылган кылмыш ишин саясий мүнөздө деп сыпаттоодо.