
(“Майдан.kg” газетасынын № 47 (384) 26.12.2018-жылкы санына жарык көргөн “Кыргыз Фемидасынын өңү Батукаевдин өңүндөйбү? деген макалага жооп)
“Урматтуу” Эртабылды Аттокуров!
Журналист - бул журналистика жаатында жогорку билими бар, кара кылды как жарган чындык жарчысы, ал эми жалпы журналистика бул коомдун күзгүсү деп түшүнөм. Ал эми сиз журналист эмессиз, “дейттерди” жазган эле бирөөсүз. Ал эми “пенсионерлигиңизди” макалаңыздагы калптарыңызды “чындык” катары ишендирүү максатында колдонуп жаткан кезектеги амалыңыз. Эмесе, сизге жообум: “УРМАТТУУ ПРЕЗИДЕНТ!” деп, анда ““Строитель” дачасынын аймагында мурда председатель Ж.Турсунбаева дачанын жашоочулары менен жергиликтүү калкты өзүм билемдикке салып, акырында куулуп чыккан, азыр карааны көрүнүп, тирешүүлөр күчөп, ага күч органдары кошумча” деп жазган экенсиз. “Куулган” деген сиздин кара башыңыз менен кетип, башкага келбесин. “Строитель” багбанчылык коомунун төрайымы болуп 11.07.2004-жылы жалпы чогулуштун чечими менен шайлангам жана ушул күндө да мыйзамдуу төрайымымын. Мени эч ким төрайымдыктан түшүргөн эмес. Төрайымдын ишмердүүлүгү коомдун жалпы чогулушу кабыл алган чечимдердин жана Коомдун аймагында, уставынын чегинде гана жүргүзүлөт. Жергиликтүү калктын Коомго эч бир тиешеси жок.
“РЕЙДЕРЧИЛИКПИ, ЖЕ...” деп өзүңүздү илгертен коомдун мүчөсү катары сыпаттап, мурдагы коомдун төрагасы Абдукадыров И. мактап, анан мени өлүмүнө себепкер, өзүн председатель деп жарыялаган, жер тилкелерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз энчилеп алган, үй-бүлө мүчөлөрүн күйөөсү менен кызын башкармалыгына мүчө кылып алып, сын айткандарды куугунтуктап, жергиликтүү калк менен тил табыша албай, үй-бүлөсү менен 2006-жылы куулуп чыккан, алардан өч алуу максатында “Ак жол” партиясына кирип, Адыл Бакиевдин жана Оксана Малеванаянын колдоосунда газеттерге жабырланган киши болуп маалыматтарды жарыялап туруп, бийлик кулагандан кийин “Ак жол” партиясына мүчө болгондугун жашырууга аракет кылган” деген акылга сыйбаган бир шумдук калптарды жазыпсыз.
Биздин коомдо сиздей мүчө жок. Абдукадыров И. иштеген жана ал түшкөн учурунда сиздин ал жерде “жытыңыз” да жок болчу. Ал эми Абдукадыров И.К. 78 жаш курагында 2018-жылы өз ажалы менен эле дүйнө салган. Мунуңуз да жалган маалымат. Менин үй-бүлө мүчөлөрүм сизден айырмаланып, ар бири коомго мүчө. Жер тилкелерин 2002-жылга чейин эле ээлеринен сатып алганбыз. 2004-жылдан кийин ээликке жер тилкесин эч качан алган эмесмин. Ошондуктан, бул калпыңыз да чындыкка жатпайт. Жолдошум башкармалыкка мүчө эмес, кызым өз алдынча коомдун мүчөсү катары жооптуу катчы болуп шайланган.
Биз кылмыш жасаган эмеспиз, тескерисинче, өлүм менен өмүрдүн ортосунда кармаш менен элдин мүлкүн талап-тоноодон сактап калганбыз. Кудайга шүгүр, 20 жылдан ашык убакыттан бери коомдун мыйзамдуу мүчөлөрү менен бир туугандай болуп калганбыз. 10.10.2006-жылы мага, менин үй-бүлө мүчөлөрүмө, коомдун тургундарына болгон карактаган кол салууда сиздин дагы тиешеңиз барын унутту дедиңизби? Мисалы, ал убакта сиз коомубузга чектеш Чоң-Жар айылында мектеп мугалими болуп туруп, окуучуларды сабактан бошотуп, массалык башаламандыкка үндөп, кое берип, кылмышка түртүп, кошо катышкансыз. Ал иш али жабыла элек. Кылмыш иши 14 соттолуучу боюнча сотко ашканы менен, калгандары боюнча иш мөөнөтсүз токтолуу боюнча турат. 14 соттолуучунун мисалы сабак болду го десем, тескерисинче “ыйлаган кыз, ыйлабаган кыздын бетин тырмайт” болуп ашындыңыз го, анчалык эле кааласаңыз, жандандырып коюу колдон келет. 10.10.2006 – жылкы окуяга, менин, ошол убактагы ЖК депутаты, айтылуу Темир Сариевдин биздин багбанчылык коомубуздагы составы боюнча минералдык суунун стандартына туура келген суу чыгарган 2 даана скважиналарды сатуу боюнча мыйзамсыз талабына каршы туруп, коомубуздун байлыгы, башкы мүлкүн сактап калганым башкы себепкер болгон. Ал эми ошондо, Темир Сариевдин камчысын чаап, коомубуздун мүлктөрүнөн мыйзамсыз ажыраткан соттун чечимин чыгарткан “Жермен” аттуу коомдук уюмдун активдүү мүчөсү катары сиз да бар эмес белеңиз. Биздин коомго чектеш жайгашкан Чон-Жар айылынын жергиликтүү калкынын “Строитель” багбанчылык коомуна эч бир тиешеси жок, алар өз алдынча юридикалык тарап, биздин коом өз алдынча юридикалык тарап. Тил табышты деген сизби, алардын кымындай балдарын сабактан мыйзамсыз бошотуп, кылмышка түрткөн? “Ууруну кармагыла” деп “уурудан” катуу кыйкырган киши болбойт дегенге окшоп калды.
Айлаңыз түгөнгөндө эми балп эттирип Бакиевдин “Ак жолуна” жармаштырганыңыз эле калдыбы? Эми эки кулагыңыз менен жакшылап угуп туруңуз. Мен жана менин үй-бүлө мүчөлөрүм эч качан, эч бир партияга мүчө болгон эмес. Жолдошум Нуркан Турсунбаев илгерки Коммунисттик партия атак-даңк, мансаптуу бийлигин жүргүзүп турганда да партияны оозанган адам эмес. Ал киши турмушунда жөнөкөй, мансап деген оюна келбеген, өз ишин так, туура, ак аткарган таза чыгармачыл адам. Андай адамга “ак жолуң”, “кара жолуң”, “көк жолуң” да эч кандай авторитет эмес. Мен да дал ошондой көз караштамын. Саясаттан тыш, өз кесиби, өз иши менен алек адамга эч кандай “коллективдүү” уюмдардын кызыгы деле жок. Ансыз да ишибиз жетиштүү. Адыл Бакиев, Оксана Малеванная дегендер менен эч качан мамилем болгон да эмес, тааныбайм дагы. Алардын ким экенин сиз макалаңызда жактап жаткан Арстанбекова Бүбайша Кулуевна деген көз боемочу, аферисттен сурасаңыз кеңирирээк маалымат ала алмаксыз, себеби, ал ошол “казанда” кайнаган киши эмеспи, бул жерде да жаңылышып, жалган, чындыкка дал келбеген маалыматты берип алдыңыз. Газеттерге макала бергим келсе, эч кимдин колдоосусуз эле жарыялаганга кудуретим жетет, жазганды деги билем, маалыматтарым канчалык денгээлде юридикалык негиздүү экенин тастыктаганга юридикалык билимим деги жетиштүү.
“ТАЛАНТЫН АРЫЗГА АЛМАШТЫРГАНБЫ?”- деп жолдошум Нуркан Турсунбаевди арызчыл, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамын бербейсиңер деп ызы-чуу салды деп, чыгармачылыгын шылдыңдаган, мазактап кемсинткен пикириңизди жарыялаптырсыз. Ал аз келгенсип Таттыбүбү темасын көтөрүп, анда “ КРнын эл артисти Жамал Сейдакматова көрө албастык менен арак ичирип, Таттыбүбүнүн өлүмүнө себепкер болгон” деген ушактары жайылтылбаган Кыргызстанда аймак жок... Таттыбүбүнү “аракеч болуп кеткен” деген ушакты ушинтип өздөрү эл ичине таратышып отурбайбы деп Таттыбүбүнүн беделине шек келтирип, Нуркан жолдошумдун жаратына туз сээп, Таттыбүбү эжебиздин атын сатып жан сактагандарга катуу чара көрүү керек деп, анан фондунун ишмердүүлүгүнө акыл дараметиңиздин деңгээлинде чындыкка жатпаган маалымат менен түрү укмуш “журналисттенипсиз”. “Өзү тийген бала ыйлабайт” делет Кыргызда. Калган өмүрүмдү сиздин баканооздугуңузду ооздуктаганга арнасам да, мен сизге окшогонго Кыргыздын залкар таланттары Нуркан менен Таттыбүбүгө акаарат айтып, баканооздонгонуңузга мүмкүнчүлүк бербейм. “Ойноп сүйлөсөңүз да, ойлоп сүйлөсөңүз” болмок экен. Эми, эки кулагыңыз менен тең угуп туруңуз, “ар бир адам өз деңгээлинин чегинде көрүп ой жүгүртөт”. Нуркан Турсунбаев сизден айырмаланып, арызданбайт, арыз да жазбайт. Барына ток, жогуна кайыл адам. Мага баланча сыйлыкты бергиле, түкүнчө сыйлыкты алышым керек эле деп оозанбайт дагы. Чыгармачылыгы боюнча жаза турган болсом, сиз жазып жүргөн газеттердин жарым кылымдык нускасынын көлөмүн топтоп, жарыяласам да батырып жазууга көлөмү аздык кылат. 1953-жылы улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов атабыз эң алгачкы аңгемесин 27 жашында баштап, чыгармачылыктын улуу сапарына аттанса, Нуркан Турсунбаев жолдошум 1953-жылы 13 жашында белгилүү акын Абдыкалый Молдокматовдун “Энеме” аттуу ырына эң алгачкы обонун чыгарып, чыгармачылыктын чыйыр жолуна аттанып, 65 жылдан ашуун убакыттан бери көп тармактуу чыгармачылык менен алпурушуп, Кыргыз искусствосуна өзгөчөлөнгөн ак эмгегин өтөп келүүдө. Ушул күндө да драма жана кино актеру, обончу-композитор, музыкант, акын катары чыгармачылыктын оргуштаган казанында тынымсыз кайнап, ак эмгектин жолунда. Адилеттик болгондо чыгармалары Дүйнөнү дүңгүрөтүп 1972-жылы таанылганда эле, анын ырын ырдап дүйнөлүк ырчы аталган Болот Миңжылкиев агабыз “СССРдин Эл Артисти” наамы ыйгарылганда эле, СССРдин Эл артисти наамы берилмек калыстык болсо.
Ал эми Таттыбүбү жана фонду темасы боюнча, кимге, качан, кайсыл жерде, кимибиз, эмне деп ушак таркатканыбызды, кимден фондго качан, канча сумма алып жан баккан тууралуу далилдөө үчүн сотко далилдериңизди даярдай бериңиз, себеби, мунуңуз да чындыкка дал келбей калды. “Таттыбүбүнүн арбагын сатып жан сактагандар” деп оозанган экенсиз, мындай адам акылына кирбеген ыплас шумдукту, жакындарынын арбагын сатып, жан баккан гана киши оозанат. Билип коюңуз, Таттыбүбү темасы бир тууган агасы Нурканга аздектүү тема. Нуркан агасы жасаган асыл иштер коомчулуктун көз алдында. “Эл тараза, эл сынчы” демекчи, бекеринен “бир тууган болоор, бирок, Нурканчалык бир тууган болбос” деген жылуу пикирлер бекеринен айтылбаган чыгаар.
Сиз сыйлап-урматтап, боор ачып жаткан Жамал Сейдакматова эжекеңиз Кудай алдында кимге эмне кылганы үчүн сиздей “адвокатсыз” эле, кезеги келгенде өзү эле жооп берет, балким жооп берип жаткандыр..., сиз кошо кетип, чогуу жооп беришпейсиз да. Кудайдан ошол кишиге узак өмүр тилейбиз, “кесиптеш-замандашы” эмеспи, Таттыбүбүнүн күн санап өсүп бараткан кадыр-баркын көрүп, “кубанып”, “сыймыктанып” узак жашаса экен. Жамал Сейдакматова эжекенин “феноменалдуу” “ишмердүүлүгү” тууралуу “дастан”кылым карытса да унутулбайт. Андай “ишмердүүлүк” “досуңду айт, сенин ким экениңди айтып берем” деген макал ылайыктууларга гана “майдай” жакчу “ишмердүүлүк”.
“АЙТЫЛБАЙ ТУРГАН СӨЗ ЭЛЕ” деп “Ч.Базарбаев, К.Абдыкалыков, Т.Казаков, С.Шер-Нияздарды Н.Турсунбаевге “КРнын Эл артисти” наамын бербегендиги боюнча күнөөлөдү, буга кийлигишүгө Ж.Турсунбаеванын укугу барбы, М.Бегалиев, М.Алышпаев, А.Өзүбековдор мына жакшынакай эле эч жерге док урунбай эле, чыгармачылык ишмердүүлүгүн таштабай, эмгегин элге арнап, ушул ийгиликтерге жетишип олтурат, Н.Турсунбаевди арызчы деп, чыгармачылыгы боюнча кайрадан тийишип, анан негизги тема Арстанбекова Бүбайша Кулуевнаны актоого өткөн экенсиз. Нуркан Турсунбаев дагы бир жолу кайталап айтам, “мага “КРнын Эл артисти” наамын бербей койду же бербей жатат” деп эч качан арызданган эмес жана арызданбайт дагы, эки кулагыңыз менен угуп коюңуз.
Ч.Базарбаевдин доору чуулгандуу квартира чатагы менен эсибизде калган. Ал киши ак көңүлдүгү менен ар кимге убада бере берип, акыры дайнын таппай, чыгармачыл адамдар эки-экиден соттошуп, айрымдары жеңишке жетсе, айрымдары жеңилип дегендей, ошондой мыйзамсыздыкка биз да учураганбыз, соттун чечими менен үйүбүздү кайрып алганбыз. Ч.Базарбаев эбакта дүйнө салган, ал кишини эмне максат менен эстедиңиз?
К.Абдыкалыков дегенди тааныбайм. Мен Абдыкалыков деген фамилиялуу Акылбек деген Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрына 1995-1996-жылдары директор болуп, иш учурунда мас болуп, эч бир себепсиз театрдын башкы сүрөтчүсү Мелис Исхаковду тепкилеп, ал ошол жаракаттын залалынан көз жумган, ошентип, мойнунда адамдын каны бар, азыркы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын төрагасын гана тааныйм. Ал иштен ошол кылган кылмышынын кесепетинен жана театрдын чоң суммадагы акча-каражаттарына өзүнө үй-эмеректерин, үй тиричиликте керектелүүчү техникаларды сатып алып, мыйзамсыз сарптагандыгы үчүн, театрга берилген 3 бөлмөлүү батирди мыйзамсыз ээлик кылганга жасаган аракеттери үчүн Башкы прокуратуранын сунушу менен иштен кеткенин билем.
С.Шер-Нияз жердешиңиздин министрлик доору эч кандай ачылыш менен деле эсибизде калган жок, болгондо да эч кандай араздашуу деле болгон эмес сиз жазгыдай.
Ал эми Казаков Түгөлбай Токтогулович жердешиңиздин, уруулашыңыздын (кушчу) жадыбалдай эсимде 2 доору калды. Бири 1993-1996 – жылдары Маданият министринин орун басарлыгы жана 2016-2017-жылы Маданият министри - маданияттагы кара так чуулгандуу доорлору. Майрам “апчесинин” кадыр-баркы менен ал киши каалаган кызматын ээледи. КТРдин Башкы директорлугунан Министрдин орун басарлыгына чейин жетти. Орун басар болуп турганда эң алгачкы Маданият кызматкерлерине салынган президенттик үйдөн 4 бөлмөлүү батирди мыйзамсыз ээлик кылып кеткени аз келгенсип, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамын да эч бир татыксыз ээлик кылып кеткен. Ызы-чуу күчөгөндө арыдан бери арызын жазып, ишин өткөрүп бере салды да, ар кайсыл жакта урунуп-беринип жүрүп, ошол убактагы Мелис Эшимканов жетектеген “Асаба” газетасына кабарчы болуп орношуп, Акаев бийлигин баштан аяк “шыбап” турушту. Кыргыздар айтмакчы, анча-мынча объективдүү көз караштагылар “ичкен кудугуна түкүргөнү” тууралуу да айтып чыгышты. ММКнын күчүн ушундан билиңиз, Казаков Түгөлбай жердешиңиз “улуттук баатырга” айланып кете жаздады, себеби 2000-жылдардын аягы Акаев бийлигине сын айткандар карапайым элге майдай жагып турган мезгил болчу. Анткени, ал мезгилде узурпацияланган Акаев бийлиги коомчулукка жек көрүндү болуп турган мезгилдин башталышы эле. Ошентип, Казаков Түгөлбайдын орун басарлык мезгилиндеги быкыйлары “реабилитация” болбосо да, басты-басты болуп унуткарылган эле. Убакыт өтүп Т.Казаков министр болуп келээри менен кандай мыйзамсыз иштердин демилгечиси жана жетекчиси болгону баарыбызга маалим. Өзгөчө Мамлекеттик сыйлыктар боюнча каалаганын жасады, чыныгы татыктуулардын документтери министрликтин коллегиясына кирбей эле күм-жам болуп, натыйжада Казаков Түгөлбай менен коллегия мүчөлөрү Кыргызбай Осмоновдун аялдары баш болуп, сутенерлордон өйдө, кыңшылап 2 ыр ырдаган токолдорунан өйдө, көз боемочусу да, аферисти да, айкырып 1 ырдагандан өйдө, Түкө “үкөңүзбү”-“акеңизби” билбейм, анын “обондорун” ырдагандар төш болуп “Эмгек сиңирген”, “Эл артисттер” болуп чыга келишти. Ал эле эмес төкмө акынга, өзгөчөлөнсө “Эл артисти” берилиш керек болсо, том-том китеби чыккан жазма акынга берилчү “Эл акыны” сыйлыгы берилип, жазуучуга өзгөчөлөнсө “Эл жазуучусу” берилиш керек болсо, жазуучуга “Эл акыны” ыйгарылды, болгондо да жалган, жасалма, мыйзамсыз документтер менен чоң даражадагы сыйлыктар ыйгарылып турду. Коомдо мамлекеттик сыйлыктар боюнча чоң ызы-чуу башталды. “Шопур” деген каймана аттуу Икрамжан Илмияновдун бөлөсү жана Жогорку Кеңештин СДПК партиясынын депутаттары: “Сутенерду” депутаттык тизмеге киргизбейбиз” - деп айгайлаганынан улам “сутенер” деген каймана ат менен таанылган Асан Мансуровго Казаков Түгөлбай кулдук ура кызмат өтөдү. Асан Мансуровдун өзүн баш кылып “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, жаңыдан 1-2 ыры менен чыгып келе жаткан чуулгандуу той ырчысы Самара Каримова деген аялына “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамын министрликтин коллегиясынын чечимисиз, жалган сунушка кол коюп туруп, документтери мыйзамсыз жөнөтүлүп, аталган сыйлыктар ыйгарылды. Ал эле эмес, тиешелүү билими жок ошол Самара Каримова ырчыны эч бир уялбай туруп мыйзамды одоно түрүндө бузуп туруп, Ош шаарындагы “Сулайман – Тоо” музей комплексине директор кылып дайындай коюп, ал токтому Өкмөт тарабынан жокко чыгарылып уяты чыкты. Бул да аз болду деди окшойт, Ош шаарындагы Асан Мансуров менен аялы Самара Каримованын ижарасында турган “Кыргызстан” кинотеатрына 7500000 (жети миллион беш жүз миң) сом акча каражатын мыйзамсыз которулуп, жок болгон. Ижарачыда ижарада турган жайга мамлекет эч качан каражат бөлбөйт, бул мыйзамды одоно бузгандык. Ал эле эмес, С.Ибраимов атындагы Ош Мамлекеттик музыкалык драма театрынынын директорлугунан чуулган менен кеткен Асан Мансуровду Казаков Түгөлбай Түштүк региону боюнча министрдин орун басары кызматын мыйзамсыз штат ачып киргизип, баардык банктык эсеп-кысаптарга аралашканга мүмкүнчүлүгү менен орун басар кылып дайындайт. Кылымдарды карыткан тарыхый баалуулугу бар Улуттук тарых музейиндеги кыздын мумиесун “көз ачыктар” айтты деп көмдүруп салып, археологдордун чыры башталды. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Ырыскелди Момбеков ал мумиенун тарыхый баалуулугу тууралуу, ал министр болуп турганда “баланча” миллион сунуштап, сат дегенде сатпай койгом деп чыкты, ал эми Баткен жергесинин коомчулугунда жерге берилген мумие кыздын мумиесу эмес, эркек адамдыкы болчу деген маалымат таркады ж.б.у.с. Ызы-чуу күчөгөндө Казаков Түгөлбайдын обондорунун теги “плагиатынан” (уурдалганынан) өйдө козголуп чыкты. Ызы-чуунун чоң “барасы” айлана баштаганда Казаков Түгөлбай амалдуу эмеспи, адатынча өз арызын жазып, иштен кетти. Казаков Түгөлбай боюнча билгеним ушул. Т.Казаков боюнча көрсөтүп жазганыңыздан улам, бул жагдайды толук баяндашка туура келди, жердешиңизге жаныңыз ачыса да, суроо салган экенсиз, жооп бердим, ачуу чындык болсо да, кабыл алып коюңуз, ачуу чындык ушул. Менин көз карашымда Казаков Түгөлбай болгону мыкты ырчы-аткаруучу, ал эми “обончу” катары “плагиат обончу” катары кабылдайм, журналист катары дегеле кабылдабайм. “Улутман” деген термин бул белгилүү акын Кыялбек Урманбетовго таандык термин. Ал эми “Улутман” телеберүүсүнө тематикасына жараша коомдун алдынкы кесипкөй интеллигенциясын чогултуп алып, талкуу жүргүзүп алып, андан-мындан үйрөнгөн, чогулткан маалыматтарды өз сөзү кылып акылдуусунган манерасын, журналист деп айтууга мүмкүн эмес, бар болгону алып баруучу гана катары кабылдайм.
Министрликтин коллегиясына жолдошум Нуркан Турсунбаевдин “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамына талапкерлиги боюнча документтерди Казаков Т. атайлап эле бут тосуп киргизбей койгон. Ошондуктан, бул тууралуу дооматыңыз жүйөөсүз.
Мен эч качан бирөөгө катылбайм, бирок, катылгандын сазайын мыйзам түрүндө берем. Себеби, төрөлгөндөн калыссыздык менен келише албаган мүнөзүм ар дайым чындык тарапта. Эми түшүндүңүзбү менин арызымдын жаралуу себебин?!
Баары бүтүп Муратбек Бегалиев, Марат Алышпаев, Асылбек Өзүбеков калгансып, буларды да аралаштырып өткөн экенсиз. Пикиримди билгиңиз келсе, Муратбек Бегалиев “Эл баатырлыкка” татыксыз, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” деген наамды учурунда мыйзамсыз эле, Акаев доорунун эрке талтаң баласы болуп жүрүп алган. Марат Алышпаев Даркүл Күйүкованын күйөө баласы деген ат менен карьералык өсүштө болгонун билем. Ал эми Асылбек Өзүбеков Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын директорлук кызматына мыйзамсыз, квалификациялык нормалар одоно бузулуп дайындалды.
Нуркан Турсунбаев жолдошум эч качан чыгармачылыктан алыстаган эмес жана алыстабайт дагы, себеби, жашоосунун маңызы бул чыгармачылык. Ал эми ал кишинин чыгармачылыгына болгон шарттын баарын сиздин айтууңузсуз эле, эбакта эле ашыгы менен камсыз кылып койгом. Ошондуктан, сиздин акылыңызга деле, кеңешиңизге деле муктаж эмеспиз. Сиз жактап жаткан Арстанбекова Бүбайша Кулуевна деген ким өзү? болгону 8 класс билими бар, өмүрүндө дайындуу иштеген иши да, жашаган жери да жок, ар кимдин ишенимине алдоо жолу менен кирип, ар кимдин үйүн сүзгүлөп күн кечирип, жан баккан, Бакиевдин заманында ОБОНчуларын жетектеп, аялдарга бердирген “гонорарын” жеткирбей эле жымкырып коюп, аферасы Бакиевдерге жетип, талаада калганда, экинчи жээкке өтүп, 10-октябрь 2006-жылкы мен жогоруда атап өткөн каракчылык кол салууда Темир Сариевдин камчысын чаап, сизге окшоп катышкандардын чачпагын көтөрүп жүргөн аферист. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин), Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистратурасын аяктады деген жалган дипломдор менен мамлекеттен Бакиевдин учурунда президенттин Ардак грамотасын, Казаков Т. доорунда “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” мамлекеттик наамын мыйзамсыз алган. Ошол жалган, жасалма, мыйзамсыз дипломдорго Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун жасалма сунушун кошо тиркеген. Президенттин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Мамлекеттик комиссиянын жооптуу катчысы Сманбаева Жылдыз Аскарбековна менен эксперти Кутманов Алтынбек Аскаровичтер жең ичинен өткөрүшкөн. Ошол жасалма документтер менен Маданият министрлигинин үстүнөн көзөмөлдөгөн Коомдук кеңештин төрагалыгына чейин жеткен. Укук коргоо органдары тарабынан бул кылмышы далилденгенде илгерки көчө менталитетин карматып, жанына 2 аялды ээрчитип барып, жолдошум Нуркан Турсунбаев иштеген театрга барып, 3.5 саат убакыт репитициядан чыгышын күтүп олтуруп, толгон элдин көзүнчө эч себепсиз сабап кеткен. Ошентип, жалган жасалма дипломдору менен шугулданганы боюнча, хулигандыгы боюнча кылмыш иши аягына чыга электе, 2018-жылдын октябрь айынын башында сиз экөөңүздөрдүн дагы бир пикирлешиңиздер, Арстанбекова Б. менен биргеликте Бакиевдин заманындагы ОБОНчулукту аткарган, сиздин бет маңдайдагы кошунаңыз, мурда ондогон эпизоддор боюнча коз боемочулук беренеси менен соттолгон Бодошбекова Сайракан Жолдошовна менен биргеликте 10 000 (он миң) америка долларына киллер жалдап, 1000 (бир миң) долларын алдын ала төлөп мени, менин жолдошум Нурканды жана “Строитель” багбанчылык коомунун мүчөсү Чыналиев Дүйшөндү өлтүртүүгө буюртма беришип, ал киллери кармалып, эми ошол киши өлтүртүүгө буюртма бергени боюнча кылмыш иши козголуп, 3 кылмыш иши бириктирилип, тергелип, кылмышы далилденип, сотко ашты. Макаланыздын калган бөлүкчөлөрүндө баягы эле ажыкысыңыз. Каримжан Назаров деген аферист жогоруда аты аталган Бодошбекова Сайракан менен биргеликте кылмыштуу топ түзүп, жалган, жасалма мөөр менен ошол убактагы Кун-Туу айыл өкмөтүнун башчысы, азыркы Сокулук районунун акими Корголдоев Таалайбек кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кийлигишип, мыйзамсыз чечимдерди чыгарып берип, жалпы аягы 238 жер тилкесин сатып, ал эми Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын архивиндеги маалыматтарды талкалап, натыйжада, жер тилкелеринин мыйзамдуу ээлери жеке менчик укугунан ажырашып, кылмыш иши козголуп, азыр тергөө амалдары жүрүп жаткан мезгили. Ошол эле учурда, жер тилкелеринен мыйзамсыз ажырагандар Чүй областынын райондор аралык соту аркылуу мыйзамсыз каттоону жокко чыгартышты. Сотто доогер катары өткөн Кадыралиева Мансуура сизден айырмаланып, “Строитель” багбанчылык коомунун 2003-жылдан берки мүчөсү. Назаров К. жана Бодошбекова С. аферисттер жетектеген топ боюнча азыркы учурда, Чүй областтык ИИБинде жана Сокулук РИИБинде атайын тергөө группасы түзүлүп, мыйзам чегинде тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Укук коргоо органдары тууралуу да, соттор тууралуу да койгон дооматтарыңыз толугу менен жалган. Сөзүмдүн акырында айтаарым, сакалыңыз өрттөнсүн, сизге окшогон баканооздордун далайын көргөм бул турмушта, бирок, алар сиздин алдыңызда караандабай калды, Пайгамбар жашына келгенде тобокелге салып тынымсыз сөйкөнүп калдыңыз, эми соттон көрүшкөнчө аман туруңуз.
Турсунбаева Джыпаркул
03.01.2018-жыл.
“Майдан. kg” гезити