Ирандын Тегеран шаарынын аймагында кырсыкка учураган учак чын эле Бишкектен кеткен. Бул тууралуу "Манас" абамайданына тастыкташты.
Маалыматка караганда, учак чартердик болгон, транзиттик каттам менен бүгүн саат 7.15те Бишкектен чыккан. Багыты Бишкек-Тегеран болмок.
Иран тараптын маалыматы боюнча, кулаган учак жүк ташуучу болгон. Ал Кыргызстандан эт ташып бараткан. Болжолдуу маалыматтарга караганда учкуч конуп жатканда учакты башкара албай калган да, конуучу тилкеден чыгып, калк жашаган конушту аралап кеткен.
Бортто он адам болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, баары тең каза тапкан. Учак 30 тонна муздатылган эт алып бараткан. Учак «Иран Эйр Тур» авиакомпаниясына таандык.