Ош мамлекеттик университетинде “Университет-ОшМУ” волейбол командасы уюшулду. Бул туурасында ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков өзү сүйүнчүлөдү.
Ошентип, Ош мамлекеттик университетинин “Университет-ОшМУ” волейбол командасына башкы машыктыруучу болуп Алмаз Атабаев, машыктыруучу болуп Эрлан Тайыр уулу дайындалышты.
- Дүйнөдө таанымал университетттердин баарынын тең кесипкөй спорт клубдары бар. Мына, ОшМУ дагы ушул тапта ар тараптуу өнүгүү жолуна түштү. Мында спорт дагы унутта калган жок!- деди ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков. - Мындан ары спорттун бардык тармагы боюнча ушундай кесипкөй клубдарды байма-бай уюштурабыз. Бул аркылуу “ОшМУ спортко кандай салым кошуп жатат?”- деген суроолорго дагы жооп кайтармакчыбыз. Мындан ары волейбол клубу такай машыгууларды өткөрөт. Биз бул үчүн бардык шарттарды жараттык. Буюрса, заманбап спорт аянтчаларын куруп, жаштарга мындан дагы максималдуу шарттарды түзмөкчүбүз. Ошентип, ОшМУнун 80 жылдыгына карата өзүнчө мелдештерди дагы өткөрөбүз!
Баса, Ош шаардык волейбол федерациясы уюштурган ЖОЖдор аралык мелдеште ОшМунун волейбол боюнча эки командасы катышып, биринчи жана экинчн орунду ээлешти. Буга улай акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланышты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, “Майдан. kg” гезити