Окуя11-январда болгонун Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Владивосток шаарында "Тайота" менен жүргүнчү ташуучу кичи автобус кагышып кеткен. Кырсыктан он алты адам жабыркады, анын экөөсү жаш балдар. Учурда алардын алтоосу ооруканада дарыланышууда, а калгандары биринчи медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен.
Тийиштүү кызматтардын билдиргени боюнча, жол кырсыгынын күнөөкөрү деп "Тайотанын" айдоочусу табылган. Тоннелден чыгып келатып рулду башкара албай калган да маршруттук автобуска урунган. Ал административдик жоопкерчиликке тартылды.
Автобустун айдоочусу кыргызстандык болгон. Ал Баткен облусунун Кара-Булак айылында 1970 -жылы туулган.
Айдоочуга 13-январда операция жасалып, колун сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон, манжаларына кан жүгүрүү калыбына келген. Азыр абалын дарыгерлер туруктуу оор деп баалашууда.