Ош шаары 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланды. Мындай чечим өткөн 2018-жылдын этегинде Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-олтурумунда бир добуштан кабыл алынды.

           

Ош шаарынын “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” болууга толук татыктуу экендиги тууралуу эл аралык жыйында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов атайын доклад жасаганда айтып өтүштү. Бул сунуш президент Сооронбай Жээнбеков менен дагы макулдашылган. Ошентип, эстафета Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго тапшырылды.

 

Мында Ош шаарынын 3000 жылдан ашык тарыхы бар экендиги, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу аркасында калааанын 3000 жылдык мааракеси 2000-жылы Кыргызстанда эл аралык деңгээлде расмий майрамдалгандыгы, шаардагы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргендигин жана башка жагдайларды дагы бекем эске алынган.

 

ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери Туруктуу Кеңештин 36-олтурумунда Ош шаары 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнэн маданий борбору деген таанымга ээ болуусун колдоп беришти. Эми жаңы жылдан баштап жыл бою ТҮРКСОЙ, Ош шаарынын мэриясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте эл аралык иш-чаралар Ошто уюштурулат.

 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ТРТ-Аваз телеканалына берген маегинде “Ош шаары - 2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорунун ачылыш аземи март айында Нооруз майрамы менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштурула тургандыгын баса белгиледи.

 

ТҮРКСОЙ тарабынан буга дейре 2014-жыл – Токтогул Сатылганов жылы, 2016-жыл – Жусуп Баласагын жылы, 2018-жыл – Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланган. Кыргызстандын шаары биринчи жолу “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп табылды. Буга чейин ТҮРКСОЙ Түркиянын Кастамону, Казакстандын Түркстан, Түркмөнстандын Мары, Азербайжандын Шеки, Татарстандын Казань жана башка шаарларды Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялаган.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, “Майдан. kg” гезити