Ош аймагында эки жаштагы бала ур-токмоктон каза тапкан. Аны токмоктоп өлтүрдү деп шектелген 30 жаштагы кош бойлуу аял абакка киргизилди. 

 

Ош облустук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына караганда, шектелген аял учурда кош бойлуулуктун алтынчы айында. Анын өзүнүн беш баласы бар. 

 

Аял камакка алынгандан кийин күйөөсү балдарын эрезеге жете элек жээнине каратып коюп, Жалал-Абадка кетип калган. Ошондуктан, балдар  интернатка убактылуу жайгаштырылган, бирок кайра атасы келип аларды алган. Бул үй-бүлө Базар-Коргон районунан болушат. Каза тапкан эки жаштагы бала үй-бүлө ээсинин бир тууган инисинин уулу болгон. Баланын энеси менен атасы жарым жыл мурда ажырашып кетип, ал атасы менен калган. Ал эми ата баласын бир тууган агасы менен жеңесине убактылуу таштап, иштөө үчүн башка аймакка кеткен. 

 

Бала  облустук ооруканага 10-январда жеткирилген. Дарыгерлер анын ооруканага жеткирилгенге чейин эле каза тапканын аныкташкан. Сурак учурунда аял бала шымына сийип койгону үчүн какыс-кукус кылганын айткан.