Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков "Азия ньюс" гезитине болгон дооматынан баш тарткан жок. Бирок, гезиттин башкы редактору Арслан Сартпаевден миллион сом өндүрүү ниетинен артка кайтты. 

 

Жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымына караганда, гезит Келдибеков тууралуу чыгарган макаласына жакынкы күндөрдө түзөтүү киргизип, кайра жарыялашы керек. Башкача айтканда, макаладагы экс-спикер тууралуу такталбаган маалыматтардын калп экенин айгинелеген макала жарык көрүүгө тийиш. 

 

Сот гезиттеги макаланы чындыкка дал келбейт деп тапкан. Келдибековдун адвокаты Гуля Рыскулованын айтымында, гезит түзөтүү макаласын жарыяламайынча, соттун чечими аткарылды деп эсептелбейт. 

 

Ал эми "Аргумент" сайтына болгон материалдык доосунан экс-спикер баш тартты. "Kyrgyztoday" сайты менен соттошуу иштери уланууда.