“Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жөнүндө Интернет аркылуу үстөккө-босток таратылып жаткан маалыматтар таптакыр эле жалган”! Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
- Социалдык түйүндөрдө дагы бир макала пайда болду. Жалган жалаа жаап, ушактагандар чектен чыгып жатышат. Аты-жөнүн жашырган автор өзүнүн материалында ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, жалган маалыматтарды таратууда. Жарыяланган маалыматта С.Өмүрзаковдун коррупциялык иштерге катыштыгы бардыгын жана иликтөө иши башталганда министрдин орун басары эс алууга чыгып, чет жакка кеткендиги тууралуу жазган экен. Бул кезектеги эле дагы бир жалган маалымат.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковго байланышкан мындай маалыматтардын бардыгы дегеле чындыкка жатпайт! Кимдир бирөөлөр мындай кабарларды ойдон гана чыгарышып, Интернет аркылуу калайыкка тынбай жайылтып, бул аркылуу бир эле кишинин эмес бүтүндөй милициянын беделине көлөкө гана түшүрүп жатышат, - делинет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Айтмакчы, Интернеттеги “Тelegraph” (telegra.ph) булагында “Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун жемкорлук жоруктарга тиешеси бар экендиги жана иликтөө башталган маалда милициянын генералы эмгек өргүүсүнө чыгып, чет өлкөгө кетип калгандыгы” айтылат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, “Майдан. kg” гезити