Экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеген. Депутаттар аны биринчи окууда жактырышкан.
Демилгечилердин бири Исхак Масалиевдин айтымында, депутаттар каникулдан келишээри менен бул мыйзам долбоорун карашат.
"Учурда мыйзам долбоорунун үстүнөн парламенттин тийиштүү комитети иштеп жатат. Депутаттардын баары каникулдан келгенден кийин карайбыз", - дейт Масалиев.
Демилгечилер «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдик тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуштаган. Алар мыйзамдын 12-беренесиндеги экс-президенттин кол тийбестигине кепилдик берүү Конституцияга каршы келээрин айтышат. Башмыйзам алдында бардык жарандар бирдей болууга тийиш.Оошондон улам демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунда аталган 12-берене алынып салынат.