КР ИИМ бир жарым жыл мурунку президенттик шайлоо учурунда азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы кара касса тууралуу коомчулукка шардана болгон документтер боюнча тергөө иштери аяктаганын жарыялаган.
Эске салсак, укук коргоочу Нурбек Токтакунов тараткан документтерде штабдын чыгымдары мыйзам чегинде көрсөтүлгөн суммадан алда канча көп жазылган.
Мындан улам ИИМ иликтөө иштерин баштап, ошол учурдагы шайлоо штабын жетектеген жана иштеген адамдардын баары суракка алынган. Бирок, алардын кандай көрсөтмө бергени ачыкка чыкпады. ИИМ муну тергөөнүн кызыкчылыгына жараша алынган маалыматтардын купуя сакталышы менен байланыштырууда.