Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Музаффар ИСАКОВду шарттуу түрдө жети жыл эркинен ажыраткан өкүмүн угузду.

 

Бирок, жарыш сөз берилгенде, айыптоочу прокурор экс-депутатты 12 жылга эркинен ажыратып, мал-мүлкүн камакка алуу менен жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөсүн сураган.

 

Жакында эле депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тарткан Музаффар Исаковго 2017-жылдын февралында “Жемкорлук” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура Исаковду Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп жаткан маалында (2010-2015-жылдар) жер үлүштөрүн бөлүп берүү боюнча 315 токтомду мыйзамсыз чыгарган деп айыптаган.

 

Музаффардын минтип жазадан жеңил кутулуп кеткенине таң калгандар көп. Анткени, анын аракетинен мамлекетке миллиондогон сомдук зыян келтирилген. Президент буга окшогон ээнбаш жегичтердин тизгинин тарта албай убара чегип жатса, Сузактын сотунун коррупционерге абдан жеңил мамиле жасагандыгынын сыры эмнеде?

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, “Майдан. kg” гезити