Ноокат районунда мал уурулук боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул жөнүндө Ош облустук ички иштер бащкармалыгынан маалымдашты.

 

Маалыматка караганда, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө аталган райондун Кашкалдак айылынын 52 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын үч баш бодо малын уурдап кетишкендигин кабарлаган.

 

Көп узабай бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун 34 жаштагы тургуну кармалды. Ушул тапта ал темир тордун артында сурак берип жаткан чагы.

 

 

 

“Майдан. Kg” гезити