Араван райондук соту 24 жаштагы С.Н.ны Кылмыш-жаза Кодексинин “Атайын максат менен денеге зыян келтирүү” беренесине таянып, эки миң сом айыпка жыккан чечимин жар салды.
Тергөөнүн жүрүшүндө тастыкталгандай, 24 жаштагы С.Н. жубайын адегенде бети-башына койгулап, андан кийин гана ичине катуу тепкилеген. Ошентип, зайыбынын денесине жеңил жараат келтирген. Ушундан кийин келин ооруканага шашылыш жеткирилген. Муну айыпталуучу деле териштирүүнүн жүрүшүндө танган эмес.
Араван райондук соту бул фактыларды дыкаат териштирип, 24 жаштагы С.Н. ны күнөөлүү деп таап, ага 2 миң сом айып салган чечимин угузду.
“Майдан. Kg” гезити