Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын вице-мэри Максим Ситников журналисттер менен жолугушту. Ал шаардагы жол кире баасы эки сомго көтөрүлушү ыктымалдыгын айтты.
"Шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташыган маршруткаларга болгон жол кире эки сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Тарифтик саясатта иш пландуу жүрөт. Бул маселе бышты, бирок, бүгүн, же эртең чечим кабыл ала албайбыз. Биринчи шаардык кеңештин профилдик комитеттеринде, андан кийин сессиясында каралышы керек", - деди вице-мэр.
Буга дейре шаардагы маршруткалардын айдоочулары кайрадан иш таштоого камынып жатышканы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Алар өткөн жылдагыдай эле жол кирени кымбаттатуу талабын коеру да айтылган. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу Ассоциациясы эч ким иш таштабай турганын жана тарифти көтөрүү маселесин мыйзам чегинде, сүйлөшүүлөрдүн негизинде эле чечишээрин билдирген.
Аталган Ассоциация тарифти көтөрүү сунушу Бишкек мэриясына жиберилгенин да белгилеген.