Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы - жалаң гана музыкалык билим берүү адистерин белендеген түштүктөгү жападан жалгыз орто окуу жайы. Имараты эскиргени аз келгенсип, октябрь айында заманбап концерттик залы дагы толук бойдон күйүп кетти. Билим журтунун бүгүнкү эң аянычтуу кебетеси менен кабарчыбыз жеринде кеңири таанышып кайтты.

 

Кыялбек ЖАҢЫБАЙ уулу, Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын 1-курсунун студенти: - Азыр биз такай  урунган музыкалык жабдыктарыбыз тээ Совет доорунда эле даярдалыптыр. Ошентсе деле дагыле моминтип буларды туруктуу урунуп жүрөбүз. Жаңыларын кинолордон жана ингтернеттерден эле көрбөсөк, тилекке каршы, булар ушул тапта бизде дегеле жок! Кыргыз Өкмөтү ушул жагынан бизге үзгүлтүксүз каралашса, азыркы жана болочок муундардын куп эле сообуна калмак!

 

Гүлнур МАРТПЕКОВА, Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнүн 3-курсунун студенти: - Атайын Өзгөндөн келип окуп жатамын. Болочокто мыкты музыка мугалими болсом деп тилеймин. Бул кесипти тандаганымда, ата-энем эч каршылык көрсөтүшкөн жок!  Тескерисинче, мени азыркыга чейин болушунча колдоп келатышат. Окуу шартыбыз анчалык деле чеке жылытпайт! Жашырып не, акыбалыбыз азыркы замандын талабына таптакыр эле жооп бербейт! Ошого карабастан дасыккан эже-агайларыбыз сапаттуу билим гана берип келатышат. Бизден кийинкилер заманбап имараттарда окушун Кудайдан миң мертебе тилемекчимин.

 

Бакытбек НАСИЕВ, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары: - Эң чоң жана сопсонун концерттикз бар эле. Ал 2018-жылдын октябрында толук бодйон күйүп кетти. Ичимди өтө ачыштырганы: заманбап жана эң эле кымбат эки рояль, бир фортепиано   жабдыктарыбыз заматта эле өрттөнүп, күлгө айланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Бул жерде сабак өткөнгө таптакыр мүмкүн эмес!”- деген корутундуну колубузга карматты. Ошондон бери концерттик залыбыз жок калдык.

 

Райхан САМИДИНОВА,  Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорунун окуу жана тарбиялык иштер боюнча орун басары: - Бишкектеги жогорку окуу жайын бүтүргөнүмдө 1986-жылы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына бөлүнгөмүн. Ошондон бери ушул жерде гана үзгүлтүксүз эмгектенип келатам. Өзүм комузда кол ойнотуп, ооз комуз дагы тартамын. Буердеги көйгөйлөрдү эч ким менчелик билбейт! Эски эле ордубузга Кыргыз Өкмөтү заманбап жапжаңы имарат салып берсе, элдин куп сообуна калмак. Ошондо билим берүүнүн сапатын, өнөр үйрөтүүнүн деңгээлин дагы азыркыдан мыкты даражага көтөрмөкпүз! Концерттик залыбыз, ошондой эле мыкты эки роялыбыз биротоло өрттөнгөндөн бери мурункудай элге жана күйөрмандарыбызга татыктуу концерт бере албай калдык...

 

Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жаңыдан эле директорлукка дайындалган Нурлан КАРИМОВду кепке тартканыбызда, өзү эле агынан жарылды.

 

- Ош шаардык маданият башкармалыгынын жетекчисинин орун басары элем. Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директорлукка дайындалганымда, моралдык-психологиялык климат, чынында, абдан чатак эле. Мурунку жетекчиликтин айынан акыбал биротоло бузулгандыктан, ишеним артып мени бул жакка жөнөтүштү. Азыр моминтип баары менен тең тил табышып, ийиндеше иштешип жатамын,- деди Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жаңы директору Нурлан КАРИМОВ. - Биринчиден, шартыбыздын начардыгынан үзгүлтүккө учураган сабактарды туруктуу нукка салдык. Экинчиден, келерки жылдын бюджетине азыркы кем-карчыбыздын баарын, мунун ичинде эки роялды. бир фортепианону дагы киргиздик. Биздин шартыбыз Жогорку Кеңеште дыкаат каралса, депутаттарыбыз колдоп берет деп терең үмүттөнүп турабыз. Үчүнчүдөн, бизде дагы информатикалык сабак окутулат. Бирок, бир дагы компьютерибиз жок! Төртүнчүдөн, 2018-жылдын октябрынан тартып маянабыз 80 пайызга жогорулады. Ош шаардык мэриясы менен сүйлөшүп, окутуучуларыбызга ипотекалык кредиттен эсебинен үй бердиртүүнү ниеттенип жатабыз. Анткени, окуу жайыбыздын жатаканасында кыйла жылдардан бери студенттерге аралашып окутуучуларыбыз, арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти дагы бар, дагыле жашап келатышат. Албетте, булардын мээнетин жергиликтүү бийлик баалабагандыгы абдан өкүнүчтүү!

 

Айтмакчы, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жатаканасынын биринчи жана экинчи кабаттары дагыле аудитория сыңары пайдаланылып келатат. Буга улай үчүнчү жана төртүнчү кабаты жатакана катары эсептелет. Анда студенттерге аралаш аталган окуу жайдын абройлуу окутуучулары дагы үй-бүлөсү менен эле жашап келатышат.

 

Маалымат иретинде:

 

Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын азыркы имараты тээ өткөн кылымда, 1930-жылы жатакана сыңары гана курулган. 1963-жылы аталган билим журтуна окуу имараты катарында ыроолонгон. Ара чолодо бул жерде чабандестер минген аттар багылган аткана болгон. Анан акыры кайра мейманканага айландырылган. Николай заманында госпиталь иретинде дагы пайдаланылган.

 

 

 

 

“Майдан. Kg” гезити