“Кадамжай-автодорожный” өткөрмө бекетинде Кыргыз чек арачылары Мамлекеттик Бажы кызматынын тескөөчүлөрү менен биргеликте шектүү өзбек жаранын кармашты. Аны текшеришкенде, жанынан 20 даана смартфон табылды.

 

Өзбекстандын 1988-жылы туулган жараны коңшу өлкөдөн Кыргызстанды карай бараткан. Текшерүү-өткөрмө бекетинде ал колго көтөрчү жүк сыңары кутучада “Samsung” үлгүсүндөгү 20 даана смартфонду катып алып бараткандыгын күзөтчүлөр байкап калышкан. Бирок, анын бул товарларга таандык эч кандай документтери жанында болгон эмес.

 

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул аткезчилик жүгүнүн жалпы наркы 198 миң сомдү түзөт. Ошондуктан, кармалган Өзбекстан жараны жүктөрү менен кошо Бажы кызматынын аймактык өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, “Майдан. Kg” гезити