Чоң-Алай районунда бир фельдшердик эмкана, эки спорт залдын курулушу пайдаланууга тапшырылды.

 

Айтмакчы, Бурган-Суу айылындагы эмкананын курулушу 2017-жылы башталып, бюджеттен 4 миллион 838,4 миң сом ажыратылган эле. Ал эми Жайылма айылындагы Х.Базаров атындагы орто мектебинин спорт залына дагы 9 млн. 825 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары Көк-Суу орто мектебинин спорт залынын курулушу 2015-жылы башталган эле. Жалпысынан курулуш иштери 13 млн. 500 миң сомго толук бойдон курулду.

Бул иш-чарага бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү калк катышышты.

 

 

 

“Майдан. Kg” гезити