Баткен районунун Миң-Өрүк айылында “Мээрим” аталышындагы жаңы балдар  бакчасы ачылып, пайдаланууга тапшырылды.

           

25 орунга ылайыкташкан бул бала бакчанын ачылыш аземине Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев катышып, элет элин жакшы саамалык менен чын ыкластан куттуктап, балдарга жылуу каалоо-тилектерин ыроолоду.

 

Баса, аталган бала бакчанын курулушуна түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 миллион 400 миң сом, Самаркандек айыл өкмөтү жергиликтүү бюджетинин 1,5 миллион сом, Миң-Өрүк айылынын жергиликтүү тургундарын тарабынан 100 миң сом салым кошулду.

 

Баса, аталган айылда буга чейин бала бакча болгон эмес. Бала бакчанын ачылышы менен  9 адам жумуш менен камсыздалды. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылынын 765 калкы бар. А жалпы эле Самаркандек айыл өкмөтүндө 12721 калк жансактайт.  Аталган айыл Тажик Республикасынын Исфара районунун Сурх айылы менен чектешет. 

 

Ушул тапта Баткен облусунда мамлекеттик жана муниципиалдык - 150,  жеке менчик - 12 балдар бакчасы иштеп жатат. Буларга тартылган балдардын саны 20 миңге чукулдады. Ал эми мектепке чейнки курактагы балдардын 40 пайызга жакыны гана бала бакчага тартылган.

 

 

 

“Майдан. Kg” гезити