Жогорку Кеңештин экс-спикери, экс-башкы прокурор жана УКМКнын экс-жетекчиси кайрадан экс-президентке карыш арыз жазышкан. Алар Атамбаевди "Апрель" телеканалындагы маегинде үчөөнүн ар-намысына шек келтирген кептерди айткандыгы үчүн айыпташкан. 

 

Бирок, Бекназаров, Келдибеков жана Дүйшөбаевдин биринчи жазган арызын Октябрь райондук соту мыйзамды бузуу менен жазылган деген жүйө менен карабай, артка кайтарган. 

 

Ага макул болбогон, үчөө дагы бир ирет Атамбаевдин жана "Апрель" телеканалынын үстүнөн сотко арыз ташташты.