Бишкек шаардык соту экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин бомба коюлганы боюнча туура эмес маалымат тараткан делген айыптын негизинде ачылган кылмыш ишин токтотуудан баш тартты. 

 

Зилалиевдин адвокаты Чынара Жакупбекова коргоосуна алган адамдын бомба боюнча тамашалап койгонун айтып, ал тамашадан эч ким зыян тартпаганын белигеледи. Ошондой эле иштин мөөнөтү өткөнүнө басым жасаган жактоочу соттон кылмыш ишин токтотууну суранды. 

 

Бирок, сот анын суранычын канааттандырган жок. 

 

2017-жылы 24-ноябрда президенттин иннаугурациясы белгиленген күнү жол жээгинде күзөттө турган курсант кыздардын бирине "1532 ВК" мамлекеттик номердеги "Лексус" автоунаасынан бир адам көчөгө бомба коюлганын кабарлаган. Кийинчерээк иликтөөнүн натыйжасында, ал номер Зилалиевге таандык экени аныкталган. 

 

Бул факты боюнча өткөн жылдын  30-мартында УКМК кылмыш ишин козгогон. Экс-вице-премьер-министр айыбын моюнуна алган эмес, ал кызга "формаңдын жакасын оңдоп ал", - деп айтканын, а кыз каңырыш угуп алганын билдирген. 

 

Күбө катары өтүп жаткан курсант кулагы жакшы угаарын, Зилалиевдин сөзүн так укканын сот отурумунда айтты. Ал экс-вице-премьер-министрди "Гарфилд"мультфильминдеги каарманга окшоштуруп, эсине түйүп калганын жарыя кылды. 

 

Сүрөттө Д. Зилалиев жана мультфильмдин каарманы Гарфильд