Чүй облустук Аламүдүн райондук соту сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө айыпталган жаранды 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратурасынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Кой-Таш айылынын 20 жаштагы тургуну чоочун үйгө кирип, кичинекей кызга асылган. Кыздын алсыз абалынан пайдаланып, айыпталуучу анын шымын чечип, жыныстык мүчөсүн кыздын денесине тийгизген. Ошол күндүн кечинде кыз болгон окуяны энесине айтып берген. Жаран укук коргоо кызматы тарабынан кармалган.