Экс-президент Алмазбек Атамбаев Индияга болгон сапарын артка жылдырды. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жазып чыкты.
Буга дейре маалымдалгандай, экс-президент 11-январда Индияга жол тартмак. Ал партиялык иштерден мээ сергитип, эс алуу үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыгаары айтылган. Бирок, план өзгөрдү.
"Мындан саясат издебегиле", - деп белгиледи Жолдубаева.
Айрым маалымат каражаттары Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын каржы маселелери жагын башкарган Надира Сатыгул кызы учурда Индияда экенин жазып башташты. Сатыгул кызы штабдын кара кассасы тууралуу документтер коомчулукка тарап кеткенден кийин өмүрүнөн кооптоноорун билдирип, Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен болчу.