- Жаңы жылдан баштап күчүнө кирген коомдук тартип жаатындагы жаңылыктар элдин эсин оодарды. Карапайым калктын басымдуу бөлүгүнүн буга каршы чыгып жатканын байкап жатабыз. Көчөдө түкүргөндүгү, тамеки тарткандыгы үчүн олчойгон айып пулдун киргизилиши керек чара беле? Эреже бузгандарга карата айып пулдун да эбегейсиз көтөрүлүшү элди эзүү эмеспи? Буга карата сиздин жеке оюңуз кандай?

 

 

- Биздин өлкөдө түкүргүчтөр көбөйүп кетпедиби? Шаардын тардыгы, качан болсо тыгынды пайда кылган ар түрдүү автонун көптүгү, алардан чыккан жыттар, ТЭЦтин түтүнү, от жаккандардын түтүнү, таштандылардын сасык жыты, базардагы аялдамаларда жаткан алкаштар менен бомждордун  жыты, ичкилик ичип коомдук транспортто жүргөндөрдүн жыты ж.б. Ошолордун арасында жашап жүрүп түкүрбөй коюу мүмкүн эмес. Бирок, түкүрөт десе эле көчөнүн ортосуна какырып кетип атышпайбы? Таксисттер топтолгон жерден өтүүгө мүмкүн эмес түкүрүктөн.

 

Ошолорго ушул айып пул сабак болсун да.

 

Минтип олчойтуп айып пул салардан мурун тазалыкты сакташ керек. Базарлардын айланасын таштандылардан тазалоо зарыл. Көчөлөрди иретке келтирүү абзел. Шоопурлар айнегин ачып, чеккен тамекисинин калдыгын, анан салонундагы ашыкча жаткан баклажка, салфеткаларын көчөнүн ортосуна ыргытып салып айдап кете беришет. Ошолор да сектенип калышты. Колуна чычайтып чылым кыстарып, аны соргон сайын түкүрүп коюп бараткан жеңил ойлууларга сабак болду. Анын артында бараткан адам тамекисинин жытына уууланып баратканы менен иштери да болбойт.

 

Америкага жыл сайын 6 ай жашап келем. Эми ал жактын тазалыгын айтпа! Көчөнү самындап жуушат. Тротуардагы көк чөптөрдү күндө жуушат. Эч ким түкүрбөйт, таштанды таштабайт. Эгер түкүрүп калса ар бир америкалык токтотуп, тазалап коюуга мажбурлайт. Таштанды таштаса ар бири жетип келип уяткарат да, жетелеп барып мусор челекти көрсөтүшөт. Эли өзү тарбиялап коёт сырттан баргандарды, өкмөтү келип же полициясы көчө кыдырып тартип бузгандарды аңдыбайт, чакырык болмоюнча.

 

Менин айтайын дегеним, бизде деле эл бирминдик болуп, сырттан же алыскы караңгы айылдардан келгендерди тарбиялап койсо болот. Бирок, антсек бизде урушуп, согушуп кетет. Ал эми Америкада эл бири бири менен урушпайт. Эскертүүнү да күлүп же жылмайып айтат, уяткарат. Эч качан бирөө бирөөнү басынтпайт. Тааныса да тааныбаса да учурашат бири бири менен.

 

Биздин өлкөгө да ушундай тазалык менен тартипти каалайм!

 

 

 

“Майдан-пресс”, “Майдан. kg” гезити