Бишкектеги жүргүнчү ташуучу маршруткалардын айдоочулары кезектеги жолу иш таштоо кылышаары айтыла баштады. Айрым маалыматтарга ишенсек, иш таштоо 14-январдан баштап болот. Ал күнү айдоочулар ишке чыгышпайт.
Ошондой эле, маршрутканын айдоочулары өздөрү гана иш ташташпастан, ал күнү шаардыктарды эки жакка жеткирүү милдетин алчу таксисттерге да басым жасашат экен деген каңшаар кеп да пайда болду.
Бир жыл мурда борбор калаады маршрутканын айдоочулары иш ташташкан, андагы ыңгайсыздыктарды шаар тургундары унутуша элек. Ошондуктан, бул кабар коомчулукка күтүүсүз болду.
Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу Ассоциациясынын төрагасы Алтынбек Доспаев тарифти көбөйтүү маселеси сүйлөшүүлөр менен жөнгө салынаарын белгилеп, иш таштоо болбой турганын айтууда.
Ал бардык айдоочуларга вице-мэр менен биргеликте түшүндүрүү иштери жасалганын жана баарын мыйзамдык тартипте иштөөгө чакырышканын белгиледи. А жол кире кымбатташы мүмкүн экендигин төраганын жообунан улам байкоого болот. Анткени, анын айтымында, тариф боюнча мэрияга жана шаардык кеңештин депутаттарына расмий кат жолдоону ниеттенип жатышат.