Баткендеги жарандык активист Роза Мамановага карата эки берене боюнча кылмыш иши козголгон. Ал милиция кызматкерлери кол көтөрүп, басым жасашканын айтып чыкты.

 

Ал эми укук коргоо кызматынын маалыматына караганда, Маманованын үстүнөн Кызыл-Кыя шаарынын тургуну М.А.арыз жазган. Арызда 2016-жылдын июль айында Маманова Розакан Кыргыз Республикасынын адвокаттар Кеңешинин мүчөсүмүн деп өзүн тааныштырып, жабырлануучунун үйүнөн уурдалган ири суммадагы акча боюнча ишти чечүүгө жардам берем деп убадалаган. Жабырлануучунун ишенимине кирип, 50 миң сом гонорар алган.

 

Бир жылдан кийин январь айында дагы башка жабырлануучуга ошол эле кеңештин мүчөсүмүн деп айтып, он миң сом алган.

 

Ыкчам-иликтөө иш чарасынын жүрүшүндө, Кыргызстандын адвокаттар Кеңешине сурамжылоо жөнөтүлгөн жана ал жактан Маманова мүчөлүктө жок деген жооп келген.

 Ушундан улам  бардык материалдар кылдат иликтенип, эки берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Баткен ИИБиси жарандык активист тергөөдөн качканын да билдирүүдө.

 

“Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Роза Маманова кылмыш иши козголгонунан кабардар болгон. Ошол эле күнү тергөөчүнүн кабинетине сумкасын калтырып, активист үйүнө кетет. Кийинки күнү ал сумкасынан 50 миң сом жоголгонун жарыялаган. Тергөөчүнү болсо уурулукка айыптаган.

 

Прокуратурага арыз жазаарын билдирген. Андан кийин дайынсыз кетти. Ал жашаган дарегин туура эмес айтканы белгилүү болгон жана өзү да тергөөчүгө келген эмес”, - деп билдирет аймактык ИИБ.

 

Буга байланыштуу жарандык активистке издөө жарыяланып, баш коргоо чарасы абакта кармоого өзгөртүлгөн.


 Аны 2017-жылдын 12-декабрында Бишкек-Ош автоунаа бекетинен милиция кызматкерлери кармашып, Кызыл-Кыя шаарындагы убактылуу кармоочу жайга жеткиришкен. Материалдар сотко өткөрүлүп берилген. Соттун чечими менен Маманова бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

 Чечимге макул болбогон Маманова Баткен облустук сотуна даттанган. Бирок облустук сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.