Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы учурда Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовдун кайсы жерде кармалып жатканын ачыктагысы келбейт.

 

 Мурдагы башчы жакында Азербейжандын борбор калаасы Бакуда кармалып, Кыргызстанга экстрадацияланган.

 

Буга дейре маалымат каражаттарында Жунусовго 4-февралга чейин абакта калтыруу чечими чыкканын жазышкан. Ал Бакудан алынып келингенден кийин ооруканага жайгаштырылганы да айтылган, бирок кайсы дарттан жапа чеккени ачыкталбаган.  

 Адамкул Жунусов  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып, ага өткөн жылдын август айында издөө жарыяланган.