Бишкек шаардык соту экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

 

Айтымында, ал Башкы прокуратурага 8-январда даттануу арызын жазган. Арызга соттук отурумда көрсөтмөсүн өзгөрткөн төрт күбөнүн учурдагы  көрсөтмөлөрүнүн видео версиясын тиркеген.

 

“Ал адамдар азыр басымга кабылышкандан көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө аргасыз болушканын, Жапаров адамды барымтага алууга тиешеси жоктугун айтып жатышат”, - дейт адвокат.

 

Садыр Жапаров “Адамды туткунга алуу” беренеси боюнча айыпталып, он бир жыл алты айга эркинен ажыратылган.