Жол кыймылынын эрежелерин көзөмөлгө алып туруучу камераларды белгиленген мөөнөтүнөн эрте ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу байланыш жана маалыматтык технологиялар Мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев билдирди.
Айтымында, учурда орнотулган камералар текшерүү режиминде иштеп жатышат. Аны менен катар жабдыктарды орнотуу улантылууда.
Текшерүү режими соңуна чыгаары менен системаны ишке киргизүү башталат. Мөөнөт 12-февралга белгиленген, бирок аталган агенттик ага дейре эле камераларды толук кандуу ишке киргизүүгө жетишээрин белгилейт.
Бирок, азырынча катты кантип жөнөтүүнүн жолу ойлонула элек. Эреже бузуулар катталгандан кийин мониторингдик борборго жөнөтүлүп, текшерилет жана андан кийин протокол түзүлөт. Катты жөнөтүү Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматына берилген, бирок почта кызматы азырынча аныктала элек. Жакынкы арада тендер жарыяланат.