2014-жылы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоодо башкы подрядчик болгон Эркинбек Мергенбаев 16-мартка чейин камакта калтырылды. Тийиштүу чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

 

А бирок Мергенбаевдин адвокаттары мындай чечимге каршы, анын үстүнөн арызданууга ниеттенишүүдө.

 

Алар Мергенбаевди 47-абакка которулушу боюнча доо арыз жазышты. Учурда ал 1-абакта кармалууда жана туруктуу медициналык көзөмөлгө муктаж.

Эске салсак, ал курулуш иштеринин чыгашасын максаттуу түрдө 10 миллион сомго ашырганы үчүн айыпталган.