Өздөрүн афган согушунун катышуучулары катары көрсөткөн жалган афганчылар 2017-жылы 159 болсо, учурда 229га жетти. Мекемелер аралык комиссия жеңилдиктерди мыйзамсыз түрдө алып жүргөн жасалма афганчыларды аныктаган. Аларга сегиз жыл бою мамлекеттен 129 миллионов 156 миң сом коротулган. 

 

Бул тууралуу 24.kg  маалымат агенттиги жеке булактарына таянып жарыялаган. Агенттиктин маалыматын генерал-полковник Абдыгул Чотбаев тастыктаган. 

 

Чотбаевдин айтымында, жасалма ардагерлердин саны 73 адамга көбөйгөн. Комиссия аскердик билеттерди жана архивдик маалыматтарды текшерген. Ошондо жасалма афганчылардын катарына Башкы штабдын, УКМКнын, Чегара кызматынын, ИИМдин, ӨКМнын, ЖАМКнын мурдагы жана азыркы кызматкерлери кирген.