КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын билдиргенине караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаев жакынкы күндөрдө Индияга барууга ниеттенүүдө. Бирок, сапардын саясатка тиешеси жок, экс-президент эс алып гана келет.
Жолдубаева коомчулукта Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандан Индияга чыгып кеткени жаткандыгы тууралуу маалыматтар пайда болгонун белгилеп, ага жооп берген.
"Ооба, Алмазбек Шаршенович партиялык иштерден эс алуу максатында кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгат. Ал азыр мамлекеттик кызматкер эмес, эркин адам болгондуктан, ар кандай мүнөздөгү сапарларга чыга алат. Мындан саясат жасабагыла, сураныч. 11-январда сапарга чыгат. Кыргызстанга кайра 2019-жылы 21-январда кайтат», - деп жазды расмий өкүл.