- Жаңы жылдан баштап күчүнө кирген коомдук тартип жаатындагы жаңылыктар элдин эсин оодарды. Карапайым калктын басымдуу бөлүгүнүн буга каршы чыгып жатканын байкап жатабыз. Көчөдө түкүргөндүгү, тамеки тарткандыгы үчүн олчойгон айып пулдун киргизилиши керек чара беле? Эреже бузгандарга карата айып пулдун да эбегейсиз көтөрүлүшү элди эзүү эмеспи? Буга карата сиздин жеке оюңуз кандай?

 

Борончу Кудайбергенов, куудул: “Ар бир кыргыз үчтөн түкүрсө Кытайга карызыбыздан кутулабыз!”

 

 

- Тамеки тарткандарга “курилка” бар экен, насыбай тарткандарга кыйын болду. Алар “кайда түкүрөбүз?”- деп баштарын катырып жатышат. Ошондуктан, мыйзам кабыл алганга жараша өкмөт насыбайчыларга шарт да түзүп берип, ар бир ишкана, ар бир бурчка “түкүрилка” орношуп коюшсун. Болбосо, насыбайчылар насыйбайды түкүрбөй эле жутуп коюнунун ыкмасын ойлоп башташыптыр. Бул мыйзам менен Кытайдын карызынан кутулуунун оңой жолу табылды. Ар бир түкүрүк 5500 сом болсо, алты миллион кыргыздын ар бири бирден түкүрсө, 33 миллион сом, бул  475 миң доллар болот экен. Дээрлик жарым миллион. Ар бир кыргыз үчтөн түкүрсө карызыбыздан кутулабыз. “Көп түкүрсө көл болот” дейт, келгиле, үч жолу түкүрүп коелу да, кенен-кенен түкүрүп жашай береди. Айлык көтөрүлбөсө, жумушчу орундары пайда болбосо, бизди ушул абалга жеткирген коррупционерлердин бетине баарыбыз биригип “шалп” эттирип түкүрүп салалы.

 

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Түкүрүнүп-какырынмай бабаларыбызга жат адат болгон..”

 

- Кыргыз эли байыркы элдердин бири. Ата-бабабыздан калган каада-салттарыбыз, үрп-адаттарыбыз бар. Көчө-гөйдө жүрүп алып түкүрүнүп-какырынмай бабаларыбызга жат адат болгон. Манас атабыздын осуяты боюнча жарытылышты көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Бабаларыбыз көрүнгөн жерге түкүрбөгөн, таштанды ыргыткан эмес. Эми азыр коом башка болуп кетпедиби. Ошондуктан, кабыл алынган мыйзам нукура, көчмөн философиялык болду. Элдин көзүнчө какырынып-түкүргөндү каалагандар, ошондон ырахат алгандар бар болсо, ошондой мамлекеттер бар. Кээ бир мамлекеттерде көчөдө заара кылсаң да болот, ошол жактарга барышып, эс алып келишсин. А биздин ата-бабабыздан калган таза маданиятыбызды бузушпасын. Бузушпаса айып пул төлөшпөйт. КМШ мамлекеттеринде эң биринчи Кыргызстан ушундай тазалыкты сактаган мыйзам кабыл алды. Буйруса эң таза эл, эң таза мамлекет болобуз.

 

 

Айчүрөк Иманалиева, КР Эмгек сиңирген артисти: “Көчөдө түкүрүнгөн адам абдан эле жийиркеничтүү көрүнөт”

 

 

- Шаарды таза кармоо ар бирибиздин кызыкчылыгыбыз болушу керек. Көчөдө түкүрүнүп жүргөн адамдарга балким билинбестир, а сырттан караган адамга абдан эле жийиркеничтүү көрүнөт. Бир ирет машинеде баратканыбызда бир машиненин айдоочусу түкүрүндү эле, жанынан өтүп бараткан машиненин айнегине жабышып калган. Эгер өзүбүздүн аң-сезимибиз коомдук жайларда кандай жүрүү керектигине жетпесе, айла жок, айыппул менен болсо да, мажбурлап тарбиялоого туура келет.

 

 

Тимур Саралаев, жарандык активист “Элдин кабыл алынган мыйзамдар боюнча маанайы жакшы эмес”

 

- Ооба, көбүнө бул күтүүсүз болду окшойт, бирок бул өзгөртүүлөр тээ 2015-жылдан эле баштап демилгеленип келген. Болгону биз, ишке ашканда башыбызды кармап калган адатыбыз бар да. Айдоочу жана жаран катары айтсам туура болот го. “Жаңылыктын” ар тарабы бар, менимче, туура да, туура эмес да жактары  бар. Жалпысынан алганда, кабыл алынган өзгөртүүлөр ар тараптуу, адилеттүү болбой, бир аз чала бышып калыптыр. Мисалы, ошол эле ИИМдин жол тартибин көзөмөлдөгөн кызматкерлердин жоопкерчилиги мурун кандай болсо, ошол эле бойдон турат. Жолдогу белги-чиймелердин мурун кандай абалда турса көбү азыр деле ошол бойдон турганы-турган. Айрым жолдорун абалы мурун кандай болсо, дагы эле ошол бойдон. Чоң көчөлөрдүн тушундагы ири соодо түйүндөрдүн жанында, борбордун базарлардын жанында унаа токтоочу жайлар мурун “бөйрөктөн-шыйрак чыгармай” шартта болуп келген, азыр деле ошол бойдон. Анан мени терең ойго салган нерсе, айып пулдар айдоочунун унаасынын салыштырмалуу баасына карата, башкача айтканда мыйзам бузуучунун капчыгына карата дифференциация болуш керек эле. Мисалы, колунда бар, акчалуулар азыр жок эмес, Кудайга шүгүр көп, ошол эле 3000, же 5000 айып пул алар үчүн бир чөөгүн чай болушу мүмкүн. Ал эми, күнүнө 500 сомго ижарага бир эски “Фитти” алып, аны менен такси болуп эл ташыган кишиге, билип-билбей мыйзам бузуп, анан 3000-5000 айып пул төлөсө, күнүнө эптеп 1000 сом тапса, анда ага бул чоң маселе болуп калат. Ойду улантсам, ошол 30, 50, 70,100 миң доллардык жолтандабасты минип, жол эрежелерин бузгандар толтура, алар кабак-кашым дебей бир кагаз беш миң сомдукту ыргытып деле кете берет, Ошол “крутой” жол эрежелерин бузгандарга карата унаасынын мисалы, 3,5, же 10 пайызын айып пулун төлөйсүң деп, орто эсеп менен 1 миң, же 5 миң доллар айып пул төлөттүрүп койсо ошондо калыстык-адилеттүү мыйзам өзгөртүү болмок. Ал эми учурдагы жаңылануу стандарттуу клише менен кабыл алыныптыр. Маселен, айрым учурларда кызматкер адам болгондон кийин өзү деле ката кылып, кокустан айдоочуну токтотуп, эмнеге токтотконун өзү жакшы билбей, аягы жөн эле – “документтерди текшерип жатабыз”, деген шылтоо менен кетирет. Кетирип жатып, эч нерсе табылбаса – “убактыңарды алган үчүн кечирим суранам” деп да айта албайт, айтмак түгүл, андай ой да аларга келбейт. Бул кызматкерлердин, системанын элге, жаранга болгон мамилеси, маданияты, оройлугу... Калыстык үчүн айтып коюу абзел, өзгөртүүлөрдүн туура жактары албетте бар, аны баса белгилей кетиш керек. Мисалы ошол эле ичип алып, “автохулиганство”, шаардын-айылдын ичинен өтө катуу ылдамдык менен айдап, же, тез жардам, өрт өчүргүч, ж.б. атайын транспорттук каражаттарды өткөрбөгөндөр боюнча менимче айып пулдарды дагы көтөрүш керек. Ал эми башка өзгөртүлгөн беренелерди жумшартуусу керек, антпесе элдин маанайы кабыл алынган мыйзамдар боюнча жакшы эмес. Мындан тышкары демилгечилердин чоң кемчилиги алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн жок, эми кабыл алып, кеч жүргүзүп жатышат, менимче чоң маалыматтык кампания жүрүш керек болчу. Бирок жүргүзүлгөн жок. Бул жоопкерчиликтүү тараптардын чабалдыгын көрсөтүп турат, алардын айынан акыры өкмөт башчы менен мамлекет башчы жаман аттуу болушат. Кыскасы, азыр “бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар” болуп турган кез...

 

 

Элдар Аттокуров, журналист: “Бийликти элге жаман көрсөтүүнүн аракети”

 

- Жаза пулу өтө жогору, ошого каршымын. Тариф жашоо минимумунан бир топ эсе көп. Өлкөнүн салык төлөөчүлөрүнүн нааразычылык акциясына чыгууга конституциялык укугу бар. Тартипти сөзсүз эле көп айып пул төлөтүү менен орнотуу керек эмес. Аз айып пул менен деле коомдун аң-сезимин өзгөртүп коюуга болот. Айып пулдун жогору белгиленгени бийликти элге жаман көрсөтүүнүн атайын саботажы.

 

 

Зайырбек Ажыматов, акын: “Түкүрүк баатыр” болуп кетебизби?

 

 

- Ошондо эмне деп чечтиңиздер? Ак үйгө алдына барып түкүрүп, “Түкүрүк баатыр” бололубу же “Кыргызстанда түкүргөнгө болбойт! Кыргызстанда таштанды ыргытканга болбойт! Кыргызстан тазалыктын, бакыттын, сулуулуктун өлкөсү!”, - деп айрыкча акыркы отуз жылда эбегейсиз кордолгон, зордолгон, түкүрүлгөн байкуш өлкөбүздүн кадыр-баркын, маанайын көтөрөлүбү? Кокус баарыбыз “Түкүрүк баатыр” болуп кетсек эртең чыныгы баатырлар чыга калып, “сен менин мекениме түкүргүдөй кимсин?”,- деп кокодон алса кантебиз?

 

 

Асыран Айдаралиев, жарандык активист: “Мындай осол жүрүш менен кыргыздар бүт дүйнө элине шылдың болдук!”

 

- “Түкүрүк шоуну” эптеп эле элдин көңүлүн башкага буруп, акыркы учурдагы башкы темага айланган саясый окуялардан алыстатып, алаксытып, коомчулукту бири-бирине карама-каршы коюп, баштарын айлантууга болгон аракет деп түшүнгүлө..
Мындай осол, ойлонулбаган, “жүдөп-какаган” жүрүш менен биз, кыргыздар бүт дүйнө элине шылдың болдук. Уят, уят!
Болгону элди мазактап жатышат, башкача түшүнүү мүмкүн эмес. Эл аны аңдаган жок.
Өкүнүчтүү, өтө өкүнүчтүү...

 

 

 

“Майдан-пресс”, “Майдан. kg гезити