Кечээ  социалдык тармактарда видео жарыяланып, анда  формачан милиция кызматкери ылайыксыз жерде тамеки тартып, анысы аз келгенсип түкүрүнгөнү  чакылдырылган. 

 

Чүй облустук ИИМБ маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган факт боюнча ошол эле күнү  Чүй облусунун ички иликтөө бөлүмү кызматтык текшерүү жүргүздү.  Натыйжасында, видеого түшүп калган  милиционердин  өздүгү аныкталып,  Чүй облустук ИИМБ жол кайгуул кызматынын милиционери, старшина М.М. болуп чыкты.

 

Маалыматта айтылгандай, мыйзамды бузган милиционерди жазага тартуу чарасы каралууда. Ал Кыргыз Республикасынын «Эреже бузуу тууралуу» Кодексинин 71- беренесинин 1 -бөлүмүнүн талаптарын бузган. Беренеде  «Турмуш тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге таштоо жана түкүрүүгө 3 категориядагы айып салынат» деп жазылган.

 

КР «Эреже бузуу» Кодексинин 66-79 беренелеринде каралган №14 Глава №1 шилтеменин талаптарына ылайык ( айлана чөйрөнүн тазалыгын сактоо тартибин бузуу) жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан каралат.

 

Мындан улам чогултулган материалдардын баары  Аламүдүн районунун Лебединовка айыл айыл өкмөтүнө жиберилет жана  Кыргыз Республикасынын «Эреже бузуу» Кодексинин нормаларынын талаптарына ылайык чечим кабыл алынаары күтүлүүдө.