Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийликтин өкүлү болуп эсептелип, кээ бирөөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, укук бузууларды жана кылмыштарды жасоого барышат.


Атайын биздин жарандар үчүн биз Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефонун маалымдайбыз жана милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери (укук бузуулар жана кылмыштар жөнүндө арыздарды кабыл алуудан баш тартуу, пара талап кылуу, коркутуу, опузалоо ж.б.) боюнча кабарлап турууларын суранабыз.


Жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттер боюнча тез арада Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын төмөнкү телефон номурларына билдириңиздер: 0-704-999-918, Кыргыз Республикасынын ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө-0312 66-23-31.