Акыркы чечимди албетте, сот чыгарат. УКМКнын тергөө башкармалыгы Сапар Исаковго карата Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсүн аягына чыгарган эле.
Жаңы жылды утурлай, тагыраагы, 2018-жылдын 26-декабрында аталган ишке байланыштуу Сапар Исаковго карата “Коррупция” беренеси боюнча акыркы айып чыкты. Белгилүү болгондой, экс-премьер Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү (уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыгында жасалса же башка оор кесепеттерге алып келсе, мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат) менен айыпталып жатат. Көрүнүп тургандай, эгерде сот айыптоо корутундусун колдоого алган чечим чыгарса, анда Сапар Исаковдун үй-мүлкү конфискациялануу менен 20 жылга чейин темир тор артына жөнөтүлүшү мүмкүн.
Айыптоо боюнча маалыматта Сапар Исаков 2013-жылы КР президентинин аппаратынын орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда, долбоорду ишке ашыруу процессин өз көзөмөлүнө алганы белгиленген.
Анда "Сапар Исаков жеке кызыкчылыгын көздөп 386 миллион долларга бааланган долбоорду ТВЕА компаниясына генералдык подрядчик болуу укугун берген. Ал ошондой эле ТВЕА компаниясынын бул жаатта тажрыйбасы жок экенине атайылап көңүл бурган эмес. Белгилей кетчү жагдай, көрсөтүлгөн каражат Кытайдын “Эксимбанкынан” жылдык 2 пайыз менен 20 жылга насыя катары алынган. Насыя алынгандан бери (2014-жыл) бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан Кытайга 22 миллион 814 миң 328 долларды төлөп берди”,- деп белгиленет.
Буга кошумча Сапар Исаковго Бишкек ТЭЦинен сырткары, Улуттук тарых музейин оңдоо боюнча да өзүнчө айып тагылары күтүлүүдө. Сапар Исаков УКМКнын тергөө изоляторунда 2019-жылдын 13-февралына чейин камакта болору маалым болду.
Аэлита Сатындиева, “Майдан. kg” гезити