Бул ирет кайсы бир жергиликтүү жашоочунун тоюнда автомат атылгандыгы тууралуу видео-кабар социалдык тармактар аркылуу чагылгандай эле дүң эте түштү. Ошол замат Талас облустук милициясы видеонун чоо-жайын иликтөөгө киришти. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабековдун  билдиргенине караганда, видеону монтаждагандар жана автоунаанын айнегинен чыгып алгандар административдик жазага тартылышы мүмкүн: “- Айнектен чыгып алган балдар боюнча унаанын шоопуруна административдик чара көрүшүбүз мүмкүн. Анткени ошондой көрүнүшкө айдоочу жол берип жатат да. Азыркы мыйзам менен 1000 сомдой айыппул салынат же эскертүү берилет. Калганына эч нерсе кыла албайбыз. Негизи мыйзамда ошондой. Видеону монтаждап Интернетке чыгарган балдар да такталды. Алар менен иштейбиз. Жоопкерчиликке тартуу боюнча акылдашабыз”.

 

Анда үйлөнүү тоюндагы кортеж “Манас-Ордого” кетчү жолдо баратканы, машиненин терезесинен чыгып алган эки адамдын бири колундагы автоматтан өйдө карай аткылап жатканын көрүүгө болот. Кийин автомат оюнчук экени, видео монтаждалганы белгилүү болду.Албетте, тойду уюштурган жаштар оюнчук автомат менен асманга аткылашкандыгы белгилүү болду. Бирок “оюндан от чыгат” демекчи, мынчалыкка барбай эле, тойду тойдой жакшылык иштер менен коштошсо деле болмок.

 

 

 

“Майдан-пресс”, “Майдан. kg” гезити