Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур мындай деп кабарлады: “- Буга чейин Азербайжанда кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов  28-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилди. Өткөн жылдын декабрь айында кыргыз жараны Адамкул Жунусовду Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча Финансы полициясы жана Башкы прокуратура менен Интерполдун ортосунда сүйлөшүү болгон”.

 

2018-жылы 10-декабрда Азербайжандын соту Адамкул Жунусовду Кыргызстанга экстрадиция кылуу жөнүндө чечим чыгарган. Декабрдын башында Азербайжандын “Новая эпоха”  агенттиги Жунусов Баку шаарында Гейдар Алиев атындагы аэропорттон колго түшкөнүн жазып чыккан.Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда.Мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

 

Эми тиешелүү органдар АКШга качып кеткен А.Шадиевди да кармап келсе, өзүнүн гана жеген-ичкендерин кустурбастан, ал “кошелогу” болгон экс-президент А.Атамбаевдин да “Даткан-Кемин” көмөкчордону, “Түндүк-түштүк” альтернативалуу жолу сыяктуу миллиарддаган доллар кредиттен алган коррупциялык акчаларынын бети ачылат эле.

 

 

 

“Майдан. kg” гезити