Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин айтышууда.Аянтка чыккан катышуучулар эч кандай уюштуруучулары жок өз ыктыяры менен келгенин айтышты. Катышуучулар митингге Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен.
Митингчилер КТРКнын имаратына да барышып, теледен түз байланыш аркылуу убакыт берүүнү, элге кайрыла тургандыктарын билдиришкен. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, башкы директор И.Карыпбеков алар менен жолугуп, “Ала-Тоо-24” каналынан маалымат берилерин убада кылып, жолго салган. Бирок ошол күнү кечинде эч кандай бул митинг тууралуу маалымат берилбеди.
Өткөн жылдын декабрь айында "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында тынчтык митингин өткөрүп, Кытайдын Шиңжан аймагындагы тарбиялоочу лагерлерде отурган кыргыздардын абалына тынчсыздануусун ортого салган.Буга чейин "WatsApp" аркылуу 7-январда Кыргызстандагы кытайлардын маселесине арналган митинг өтө тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр тарап келген. Бирок "Кыргыз чоролору" аталган митингге тиешеси жок экенин билдирген.7-январь иш күнү болбогонуна байланыштуу кийинки митинг 17-январга белгиленди. Бул акция жөн эле элдин демилгеси менен уюштурулуп жатабы же жаз алды менен кайсы бир күчтөр тарабынан даярдалуудабы?
“Майдан. kg” гезити