Жаңы жылдан тартып бийлик элге бир топ “сюрприздерди” тартуулабадыбы. Алардын катарында жаңы административдик жана кылмыш жоопкерчиликтери каралган мыйзамдарга өзгөртүүлөр бар. Баарынан да Бишкек мэриясынын шаар аймагында түкүргөндөргө 5500 сом айып салуу тууралуу чечими коомчулукта өйдө-төмөн пикирлерди жаратууда. Бул аралыкта интернетке Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тарап кетти.Видеодо 25-30 жаштагы белгисиз жигит Бишкектеги сөз болуп жаткан имараттын алдына келип, өзүнүн нааразылыгын айтып туруп, анын тосмосуна карай түкүргөнүн көрүүгө болот.

 

Ошондой эле ал жигит видеодо: “Мамлекетти уурдап, жеген, ичкен жана карызга батырган мамлекет башында иштеп кеткендердин, колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына...”, - деп туруп, Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратын көздөй түкүргөн. Андан соң ал капчыгынан 5500 сом алып чыгып, "келип алып кеткиле" деп кайрылган.Бийликтегилер 7-январда милиция кызматкерлери бул “түкүргүч” жигитти түп көтөрүлө издеп жатышкандыгын билдиришкен болчу. 8-январда ал Тоң районунда кармалгандыгы, аты-жөнү Закирияев Рамис Саламатович, 1992-жыл төрөлгөндүгү, милиция кармаганда мыйзамда көрсөтүлгөн айыпты төлөйм деп 5 500 бергендиги социалдык тармактарга тарады.Бирок бул анын жөн эле түкүрүгүн оозго батыра албай калып же маданиятсыздыктан эмес, элдин канын мите курттай соруп, өздөрү миллиондогон казынанын акчасын уурдап отурган “жакшылардын” бетине түкүргөндүгү, ал кадамдын чоң саясый мааниси бар экендигин Ак үйдөгүлөр түшүндү бекен?

 

 

 

 

“Майдан. kg” гезити