Саясатчы Азимбек Бекназаров Алмаз Атамбаевдин үстүнөн жазылган арызды Бишкектеги Октябрь райондук соту кароодон баш тартканын билдирди. 

 

Белгилей кетсек, экс-президентке каршы арызды Бекназаров менен чогуу ЖК экс-спикери А. Келдибеков жана УКМКнын мурдагы төрагасы К. Дүйшөбаев да жазган. 

 

"Биздин арызды кароодон сот баш тартты. Бир катар жетишпеген жактары  бар деп шылтоо кылып коюшту. Бирок, ал нерселерди кемчилик деп атоого болбойт. Мампошлинанын квитанциясынын  оригиналы жок дешти. А чынында анын сөзсүз түрдө болушу зарыл эмес. Биз дагы оңдоп, керектүүлөрдү кошуп туруп эртеби-кечпи арыз жазабыз. Менимче, бул жерге бир топ адамдар кийлигишишти, анткени мага телефон чалып бул ишти таштоомду, бул сөз эркиндигин басмырлоо болуп калаарын айтышты", - деди Бекназаров.