Жакында интернет айдыңында жигиттин Акүйгө карай түкүрүп, ал үчүн 5500 сом төлөөгө даяр болгон видеосу тараган. Ал жаранды милиция кызматкерлери Тоң районунан кармашканы белгилүү болду.

 

Маалыматка караганда, жигитке түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.

 

 

 Жигит видеосунда   мамлекетти тоногон, анын айынан  карызга батырган адамдар өлкөнү башкарып келгенин айтып, ич күптүсүн чыгарган. “Колунан эч нерсе келбей, сүйлөгөндү гана билгендердин урматына”, -деген жыйынтыктоочу сөзү менен Акүйдү көздөй түкүргөн.   

 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-январынан баштап   коомдук жайларда түкүрүүгө тыюу салынып, 5500 сом айыппул каралган.