Бишкектеги Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын окуучусу Ясмин Жанботоева Санкт-Петербургда өткөн фестивалдын башкы байгесине ээ болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, классикалык жана заманбап бийлердин балдар-өспүрүмдөр фестивалы 4- 8-январда болду. Ага Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары катышышкан.