Казакстандын милициясы Кыргызстандын 22 жаштагы тургунун экстрадациялады. Ал адам өмүрүнө кол салууга айыпталган.     Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, окуя өткөн жылдын 26 –августунда Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон.

 

Жабырлануучу башынан оор жараат алган. Кылмышка 21 жаштагы К.А. себепкер болгону аныкталган. Ал ошол эле райондун Үч-Коргон айылында жашаган жана акыркы убакта Москвада иштеп келген. Факты боюнча “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш чаралардын алкагында, шектүү Казакстанда жашынып жүргөнү аныкталган.

 

Шектүүнү сот Ош шаарындагы абакка эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.