Кыргызстанда салык төлөөдөн качууну ооздуктоо үчүн базарлардагы соода жүргүзүү эрежелерине өзгөртүү киргизилет. Буга байланыштуу Экономика министрлиги мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзам долбоорунда базарлардын жана соода комплекстердин дирекциясына бир катар кошумча милдеттер жүктөлгөн. Алар соода аянтын жана имараттарды соодага жана продукцияларды сактоого ижарага берээрде ижарага алуучунун документтерин сурашат. Башкача айтканда, ижарага алуучунун салык кызматтарында каттоосу, же патенти болушу керек.
Базар дирекциясы соода имараттарынын ижарачыларын көзөмөл-касса машинеси менен камсыздоого, майрам жана мезгилдик учурда айыл чарба продукцияларынын жарманкесин өткөрүүгө тийиш.
Алардын милдетине сатуучуларга жана сатып алуучуларга ыңгайлуулуктарды түзүү, эт жана сүт азыктарын сатуучуларды атайын кийимдер менен камсыз кылуу да кирет.
Базарлардын жана соода комплекстердин жетекчилиги соода орундарынын көбөйүшүн жана сооданын маданиятынын өсүшүн да камсыздашат. Базар аймагында өрткө каршы иш чараларды жүргүзүп, базардын тамак-аш саткан сатуучуларынын медициналык китепчесин талап кылат.