Депутат Дастан Бекешев жол эрежелерин бузууга салынган айыппулдар жети күндөн кеч калбай төлөнсө сумманы 50 пайызга азайтуу демилгесин көтөрдү. Айыппулду маалынан кеч калтырып төлөгөндө ар бир кечиктирилген күн үчүн туум эсептелинет.
"Ушундай чара айдоочуларга жагат. Бирок, бул мас абалында рулга отургандарга тийиштүу эмес", - дейт депутат.
27-декабрда парламент жол эрежелерин бущуу боюнча Мыйзам жана Кодексти караган. Депутат мыйзам долбоорго өзүнүн сунуштарын киргизген. Өкмөт да учурда бир катар кемчиликтерди оңдоо сунушун келтирүүдө.
Бекешев айрым эреже бузууларга жеңилдик берүүнү демилгеледи. Мисалы, коопсуздук курун тагынбаган учурда биринчи эскертүү берилиши керек, андан кийин гана айыппул салынууга болот. Ошондой эле депутатка автожарнаманы тыюу, ага 5,5 миң сом айып салуу аракети да жакпады.
"Мен буга каршымын. Коңшу өлкөлөрдө мындай тыюу салуу жок. Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы жарнама менен алектенбей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздасын", - деп белгилеген эл өкүлү.